ТАНДООЛОР ЖАНА ФУНКЦИЯЛАРТАНДООЛОР
ЖАНА ФУНКЦИЯЛАР
ТАНДООЛОР , (БАШКАРУУ ПАНЕЛИН караңыз) ылайыктуу баскычты басуу аркылуу тандалышы мүмкүн.
Эгер тандоо, тандалган программага шайкеш келбесе, ПРОГРАММАЛАР ТАБЛИЦАСЫН караңыз, анда тиешелүү
жарык диоддору 3 жолу тез күйүп-өчөт жана бип үндөрү чыгарылат. Тандоо иштетилбейт.
ZONE WASH
Эгерде, жууй турган идиштер өтө көп эмес болсо, сууну,
электр кубатын жана жуучу каражатын үнөмдөө үчүн,
жарым жүктөө колдонулушу мүмкүн.
Программаны тандап, андан сон ZONE WASH баскычын
басыңыз: баскычтын жогору жагындагы көрсөткүч
күйөт жана тандалган текченин белгиси дисплейден
көрсөтүлөт.
Баштапкысы менен шайман бардык текчелердеги
идиштерди жууйт.
Белгилүү гана текчени жууга, бул баскычты бир нече
жолу басыңыз::
дисплейде көрсөтүлөт (жалгыз гана төмөнкү текче)
дисплейде көрсөтүлөт (жалгыз гана жогорку текче)
дисплейде көрсөтүлөт (жалгыз гана ашкана аспаптары
текчесинде)
дисплейде көрсөтүлөт (тандоо ӨЧҮК жана шайман,
бардык текчелердеги идиштерди жууйт).
Үстүңкү же төмөнкү текчеге гана жүктөөнү жана
жуучу каражаттын өлчөмүн ага жараша азайтууну
унутпаңыз.
Эгер үстүңкү текче алып салынса, каражатты
диспенсердин ордуна дароо ичине кошуңуз.
БАСКЫЧТЫ БӨГӨТТӨӨ
ZONE WASH баскычын көпкө басканда (3 секунда)
БАСКЫЧТЫ БӨГӨТТӨӨ функциясы күйөт. БАСКЫЧТЫ
БӨГӨТТӨӨ функциясы КҮЙҮК/ ӨЧҮК баскычынан
сырткаары, көзөмөлдөө панелин тосмолойт. БАСКЫЧТЫ
БӨГӨТТӨӨнү иштен чыгаруу үчүн, аны кайра көпкө
басыңыз.
СУУ КРАНЫ ЖАБЫК – Сигнализация
Кирүүчү суу жок болгондо, же суу краны өчүк болгондо
күйүп-өчөт.
SHORT TIME
Бул тандоону, ошол эле жуу өндүрүмдүүлүгүнүн
деңгээлдерин сактоодо, негизги программалардын
узактыгын азайтуу үчүн колдонууга болот.
Программаны тандагандан кийин, SHORT TIME
баскычын басыңыз жана көрсөткүч жарыгы күйгүзүлөт.
Тандоону тандоодон чыгаруу үчүн, ошол эле баскычты
дагы бир жолу басыңыз.
ТАБЛЕТКА (Taб)
Бул орнотуу, колдонулган тазалоочу каражаттын
түрүнө жараша программанын өндүрүмдүүлүгүн
ыңгайлаштырууңузга мүмкүндүк берет.
SHORT TIME баскычын 3 секундага басыңыз (тиешелүү
белги күйүп калат) эгерде сиз таблетка түрүндө кошулган
каражаттарды колдонсоңуз (1 дозада чайкоого жардам
берүү, туз жана каражат).
Эгерде, сиз суюк же күлмайда жуучу каражатты
колдонсоңуз, бул тандоо өчүрүлүшү керек.
4
КЕЧИКТИРҮҮ
Программанын башталышы 0:30 менен 24 сааттын
ортосундагы убакыт аралыгына кечиктирилиши мүмкүн.
1. Программаны жана керектүү тандоону тандаңыз.
Программанын башталышын кечиктирүү үчүн,
КЕЧИКТИРҮҮ баскычын (кайра-кайра) басыңыз.
0:30дан 24 саатка чейин жөндөлүшү мүмкүн.
Баскычтын ар бир басылышы менен, кечиктирип
баштоо төмөнкүгө көбөйтүлөт: эгерде тандоо 4
сааттан төмөн болсо, 0:30, эгерде тандоо 12 сааттан
төмөн болсо, 1:00, эгерде тандоо 12 сааттан жогору
болсо, 4 саат. Эгерде 24 саатка жетип калса,
жана баскыч басылса, кечиктирип баштоо иштен
чыгарылат.
2. БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын басыңыз: таймер
убакыттын тескери эсебин баштайт;
3. Бул убакыт аягына чыккандан кийин, көрсөткүч
жарыгы өчүрүлөт жана программа автоматтык түрдө
башталат.
Эгерде убакытты тескери эсептөө учурунда, БАШТОО/
ТЫНЫТУУ баскычы кайра басыла турган болсо,
КЕЧИКТИРҮҮ тндоосу токтотулат жана тандалган
программа автоматтык түрдө башталат.
КЕЧИКТИРҮҮ функциясын программа башталгандан
кийин, орнотууга болбойт.
АГЫЗУУT
Активдүү/иштеп жаткан айлампаны токтотуу жана кыскартуу
үчүн, Сыртка агызуу функциясын колдонууга болот.
БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын узак убакытка басып туруу,
АГЫЗУУ функциясын иштетет. Иштеп жаткан программа
токтотулат жана идиш жуугуч машинадагы суу сыртка
агызылат.
ActiveDry
ActiveDry ыңгайлаштырылган, кургатуу системасы менен
жабдылган. Ал, күнүгө мыкты иштеп туруу үчүн, эшикти кургатуу
фазасы убакыгнда же андан кийин автоматтык түрдө өзү ачат.
Эшик ашкана эмерегиңизге зыян келтирбеген температурада
ачылып, эшик SHORT TIME режими күйүп турганда ачылбаганын
ырастайт.
Кошумча буу коргоосу катары, өзгөчө ылайыкталган коргоо
фольгасы идиш жуугуч машине менен бирге берилет (моделдин
түрүнө жараша - болушу мүмкүн аны сатып алуу керек.
Коргоо фольгасын кантип орнотуу тууралуу (ОРНОТУУ
НУСКАМАСЫНА) кайрылыңыз.
ActiveDry функциясы колдонуучу тарабынан төмөндөгүдөй
өчүрүлөт:
• ӨЧҮРҮҮ үчүн: Күйгүзүп, андан соң машинаны өчүрүңүз.
P баскычын 5 сек. бою басып туруңуз, 5 сек. бүткөндө,
идиш жуугуч машине кыска бип үнүн чыгарат. Машинаны
күйгүзсөңүз, дисплей „oOF" (ӨЧҮК) дегенди көрсөтөт.
• КҮЙГҮЗҮҮ үчүн: Күйгүзүп, андан соң машинаны өчүрүңүз.
P баскычын 5 сек. бою басып туруңуз, 5 сек. бүткөндө,
идиш жуугуч машине кыска бип үнүн чыгарат. Машинаны
күйгүзсөңүз, дисплейде „oOn" (КҮЙҮК) көрсөтүлөт.