Радио толкунуна тоскоолдук кылуу боюнча
сактык чаралары
Бул өнүм радио толкундарын чыгарган башка түзмөктөрдүн тоскоолуна
дуушар болушу мүмкүн.
Тоскоолдукка жол бербөө үчүн бул өнүмдү мындай түзмөктөрдөн
болушунча алыс колдонуңуз же түзмөктөрдү бул өнүм менен бир
убакта колдонбоңуз.
Коопсуздук чаралары
Сигналдарды өткөрүү үчүн Wi-Fi радио толкундарын колдонгондуктан,
LAN кабелин колдонгондогудан кылдатыраак коопсуздук чаралары
талап кылынат.
Wi-Fi колдонгондо кийинки учурларды эсиңизге сактаңыз.
Өткөрүүлөрдү байкоо
•
Арам ойлуу үчүнчү тараптар Wi-Fi өткөрүүлөрүнө байкоо жүргүзүп,
сиз жөнөткөн маалыматтарды уурдап алууга аракет жасашы мүмкүн.
Ыйгарым укуксуз тармакка жетки
•
QR-коддо камтылган маалымат аркылуу бузукулукту көздөгөн үчүнчү
тараптар бул шайманды мыйзамсыз иштетүүгө аракет жасашы
мүмкүн.
Зарылчылык болсо, тармактык сырсөздү өзгөртүү үчүн, смартфон
үчүн "SELPHY Photo Layout" колдонмосун пайдалануу сунушталат.
20