Descargar Imprimir esta página

Metabo W 750-125 Manual Original página 132

Ocultar thumbs Ver también para W 750-125:

Publicidad

Idiomas disponibles
  • MX

Idiomas disponibles

  • MEXICANO, página 44
ky
КЫРГЫЗЧА
Ийкемдүү прокладкалар абразив менен
берилсе же ушундай муктаждык болсо, аларды
колдонуу керек.
Шаймандын же аксессуардын маалыматына
баш ийүү керек! Дисктерди майдан жана
соккудан сактоо керек!
Жылмалоочу тегеректер өндүрүүчүнүн
нускамаларына жараша сакталып, иштетилиши
керек.
Кесүүчү тегеректерди терең жылмалоо үчүн эч
качан колдонууга болбойт! Кесүүчү
тегеректерге капталынан күч келтирүүгө
болбойт.
Даярдалма материалды сыйгалануудан бекем
коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар
менен. Ири даярдалма материалды
талаптагыдай тиреп коюу керек.
Эгер сайлуу коюлма шаймандар колдонулса,
шпинделдин учу жылмалоочу шаймандын
көзөнөгүнө тийбеши керек. Иш шайманындагы
сай шпинделдин узундугуна дал келгидей
болуп, жетиштүү узундукта болууга тийиш. Иш
шайманындагы сай шпинделдеги сайга дал
келиши керек. Шпинделдин узундугу жана сайы
боюнча маалыматты 3-беттен жана 14.
Техникалык маалымат бөлүмүнөн караңыз.
Туруктуу сордуруу системасын колдонуу жана
коргоочу өчүрүү түзмөгүн (FI) туташтыруу
сунушталат. Жылмалоочу машина агып чыкма
токтон коргоочу автомат тарабынан
өчүрүлгөндө, шайманды текшерип, тазалоо
керек. Кыймылдаткычты тазалоо тартиби 9.
«Тазалоо» бөлүмүндө баяндалган.
Сынган, тегерек эмес же титиреген
шаймандарды колдонууга болбойт.
Газ же суу түтүктөрүн, электр зымдарын жана
көтөрүүчү дубалдарды (статика) бузуп алуудан
сактануу керек.
Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө
алдында вилканы розеткадан сууруш керек.
Metabo S-automatic сактагыч муфтасы (WQ
1100-125, WEQ 1400-125 гана). Сактагыч
муфтасы иштеп кетсе, шайманды дароо
өчүрүңүз!
Сынган же жарака кеткен кошумча тутканы
алмаштыруу зарыл. Көмөкчү туткасы бузулган
машинаны иштетүүгө болбойт.
Сынган же жарака кеткен коргоочу каптаманы
алмаштыруу зарыл. Коргоочу каптамасы
бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.
Бул электр шайманы сайкалдоо үчүн
багытталган эмес. Шайман максатына
ылайыксыз колдонулса, кепилдиктин мөөнөтү
бүтөт! Кыймылдаткыч ысып, электр шайманы
болсо бузулуп калышы мүмкүн. Сайкалдоо үчүн
биздин компаниянын бурчтуу сайкалдагычын
колдонууну сунуштайбыз.
Майда даярдалма материалды бекитип коюу
керек. Мисалы, аларды тиск менен кыпчытуу
керек.
132
Чаңдын чыгышын азайтуу:
ЭСКЕРТҮҮ - Барабандуу, чоюлган
наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу
станокторду колдонгондо, жылмалоодо,
аралоода, көзөөдө жана башка жумуштарда
пайда болгон айрым чаң түрлөрүндө рак, тубаса
кемтик жана репродуктивдүү функциянын
башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар
камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык
заттардын айрым мисалдары:
- коргошундуу боёктон чыккан коргошун,
- кирпичтен, цементтен жана башка тизүү
материалдарынан чыккан минералдуу чаң
жана
- химиялык дарылоодон өткөн жыгачтан чыккан
мышьяк жана хром.
Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч
операторлор мындай жумушту канчалык көп
аткарганына жараша айырмаланат. Бул
химикаттардын таасирин азайтуу үчүн жакшы
аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо
каражаттары, мисалы, микроскоптук
бөлүкчөлөрдү чыпкалоо үчүн атайын иштелип
чыккан чаңдан коргоочу беткаптар менен иштөө
керек.
Бул башка материалдардын да чаңына
тиешелүү, мисалы, дарактын айрым түрлөрү
(дуб же бук дарагынын чаңы), металлдар,
асбест. Башка кеңири тараган ооруларга
аллергиялык реакциялар, дем алуу
органдарынын оорулары кирет. Бөлүкчөлөрдү
оператордун организмине киргизбеш керек.
Колдонулган материалдар, жумушчулар, иштин
түрү боюнча жана иш жүргүзүлгөн жерде
белгиленген нускамаларды жана улуттук
эрежелерди (мисалы, техникалык коопсуздук
жана эмгек гигиенасы, утилизация боюнча
эрежелерди) сактоо керек.
Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн
аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек.
Иштин ар бир түрүнө ылайыктуу
аксессуарларды колдонгула. Аны менен
айлана-чөйрөгө бөлүкчөлөр азыраак чаңдалат.
Чаңды кетирүү үчүн тийиштүү чаң соргучтарды
колдонгула.
Чаңдын зыян таасирин төмөндөткүлө:
- пайда болгон зыян бөлүкчөлөрдүн нугун жана
жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө,
жаныңардагы адамдарга же туруп калган
чаңга багыттабагыла,
- аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды
колдонгула,
- Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын
ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо
керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чаңды
кайра көтөрөт.
- Коргоочу кийимди атайын чаң соргуч менен
тазалап же жууш керек. Үйлөбө, чаппа жана
щетка менен тазалаба.
5. Кыскача билдирүү
2-бетти кара.
1 M-Quick кыпчытуучу гайкасы *

Publicidad

loading