Descargar Imprimir esta página

Ky Түп Нускама - Metabo KS 165 Manual Original

Ocultar thumbs Ver también para KS 165:

Publicidad

Idiomas disponibles
  • MX

Idiomas disponibles

  • MEXICANO, página 9
ky
KYRGYZ
Түп нускама
1. Ылайыктуулук жөнүндө
декларация
Биз бул түрү жана сериялык номурлары менен
аныкталган тегерек аралар: *1) нускаманын
бардык тиешелүү жоболоруна; *2) жана
стандарттарына; *3). техникалык
документтерине шайкеш келет; *4) - 3-бетти
карагыла деп айтууга толук жоопкерчиликти
алып, билдиребиз.
2. Атайын колдонуу шарттары
Бул шайман жыгачтын ар кандай түрлөрүн
кесүүгө ылайыкталган.
Шайман терең кесүүлөргө ылайыкталган эмес.
Колдонуучу туура эмес колдонгонунан улам
келип чыккан зыяндар үчүн өзү жоопкерчиликти
алат.
Кырсыктарды алдын алуунун жалпы эрежелери
жана коопсуздук боюнча тиркелген маалымат
сакталышы керек.
3. Жалпы коопсуздук боюнча
маалымат
Өзүңөрдүн жана электр шайманынын
коопсуздугун сактоо үчүн, тексттин
бул белги менен белгиленген бардык
жерлерине көңүл бургула!
КӨҢҮЛ БУРГУЛА – Жаракат алып калуу
коркунучун азайтуу үчүн иштетүү
нускамасын окугула.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА – Бул электр шайманы
менен бирге берилген бардык
коопсуздук эскертүүлөрүн, нускамаларды,
сүрөттөрдү жана колдонуу боюнча
нускаманы окугула.
бардык көрсөтмөлөрдү так аткарбоо электр
тогуна, өрттүн чыгуусуна жана/же олуттуу
жаракат алууга жеткириши мүмкүн.
Коопсуздук боюнча бардык көрсөтмөлөрдү
жана маалыматты келечекте кайрылып
туруу үчүн сактап койгула.
Электр шайманыңарды башка бирөөгө өткөрүп
берүүдө бул документтерди дагы кошо бергиле.
4. Коопсуздук боюнча атайын
көрсөтмөлөр
4.1
Тилүү жол-жобосу (процедурасы)
a) КОРКУНУЧ: тилинип жаткан жерден
жана шаймандын мизинен колуңарды
алысыраак кармагыла.Экинчи колуңар
менен кошумча тутканы (5) же мотордун
корпусун кармагыла. Эгерде эки колуңар
менен тең арааны кармасаңар, аларды
араанын мизи кесип кете албайт.
40
Төмөндө жазылган
б) Тилинип жаткан жыгачтын астына
колуңарды салбагыла. Шаймандын
калканычы тилинип жаткан жыгачтын
астындагы мизинен коргой албайт.
в) Кесүү тереңдигин тилүүгө даярдалган
жыгачтын жоондугуна тууралагыла. Тилинип
жаткан жыгачтын алдынан шаймандын
дискинин бир толук тишинен бир аз кичирээк
тишчеси көрүнүп турушу керек.
г) Тилип жатканда жыгачты колуңарга
кармап же бутуңардын алдына койбогула.
Тилинип жаткан жыгачты бекем
платформага бекитип койгула. Денеге болгон
коркунучту, шаймандын дискинин кыпчылып
калышын же көзөмөлдөн чыгып кетүүнү азайтуу
үчүн ишти туура кылуу маанилүү.
д) Тилип жаткан шайман көрүнбөгөн же
өзүнүн зымы менен кошулуп кетүү
коркунучу бар кыймылды аткарып жатканда
электр шайманын корулган кармоочу
беттеринде кармагыла. Токтуу зым менен
тийишип кеткенде электр шайманынын
металлдан жасалган ачык бөлүктөрү дагы
"жанданып", иштеп жаткан адамды ток уруп
кетиши мүмкүн.
е) Узунунан араалап тилүүдө катар тирөөч
же түз жээктүү жардамчы сызыкты
колдонгула. Бул тилүүнүн тактыгын
жакшыртып, шаймандын дискинин кыпчылып
калуусун азайтат.
ж) Дайыма валдын тешигине туура келген,
туура көлөмдөгү жана формадагы миздерди
колдонгула (ромбго каршы тегерек).
Араанын тирөөчүнө туура келбеген миздер
борбордон чыгып кетип, көзөмөлдөн чыгып
кетет.
з) Эч качан бузук же туура эмес шайбаларды
же буроолорду колдонбогула. Максималдуу
иштөө жана иштөөдөгү коопсуздукту камсыз
кылуу үчүн шайбалар жана буроолор силердин
арааңар үчүн атайын иштелип чыккан.
4.2
Артка айланып кетүүнүн себептери
жана ага байланыштуу эскертүүлөр
- - артка айланып кетүү бул кысылган, тыгылган
же туура эмес коюлуп калган араанын
тиштерине болгон күтүүсүз реакция. Ал
көзөмөлдөнбөгөн араанын тактайдан өйдө
көтөрүлүп, иштеп жаткан адамды көздөй
ыргып кетүүгө жеткирет;
- - Араанын тиши кысылып же тыгылып калып,
оюк жабылып калганда, тиш токтоп калып,
кыймылдаткычтын реакциясы агрегатты
иштеп жаткан адамды көздөй ыргытат;
- - Эгерде араанын мизи оролуп же туура эмес
коюлуп калса, миздин арткы жээгиндеги тиши
тактайдын үстүңкү жагына тешип чыгып,
мизди араадан чыгарып, иштеп жаткан
адамды көздөй ыргып кетет.
Артка айланып кетүү бул араа менен туура эмес
колдонуунун жана/же туура эмес иштетүү
шарттарынын же жол-жоболорунун натыйжасы

Publicidad

loading

Este manual también es adecuado para:

Ks 190