Descargar Imprimir esta página

Metabo KS 165 Manual Original página 44

Ocultar thumbs Ver también para KS 165:

Publicidad

Idiomas disponibles
  • MX

Idiomas disponibles

  • MEXICANO, página 9
ky
KYRGYZ
8. Техникалык тейлөө
1. Араа дисктерин алмаштыруу
Туураалоо же оңдоо иштери жүрүп
жатканда араанын вилкасын розеткадан
сууруп койгула.
Курч, бузулбаган араа дисктерин гана
колдонгула. Оюлган же формасы бузулган
араа дисктерин колдонбогула.
Көрсөтүлгөн кубаттуулукка дал келбеген
араа дисктерин колдонбогула.
Араада көрсөтүлгөн белгилөөлөргө туура
келген диаметрдеги араа дисктерин гана
колдонгула.
Араа диски күч келбеген ылдамдыкта
иштөөгө ылайыктуу болушу керек.
Тилинип жаткан материалга ылайыктуу
араа мизин колдонгула.
Оригиналдуу Metabo араа дисктерин гана
колдонгула. Жыгач же ага окшош
материалдарды тилүүгө тандалган араа
дисктери EN 847-1менен туура келиши керек.
Олуттуу кырсыктын алдын алуу үчүн,
шайман өчүк жана токтон ажыратылганын
көзөмөлдөп тургула.
Араа дискин чечүү (сүрөт F)
1. Блокировка рычагын (19) басып, шпиндельди
(22) бекитип, алты бурчтуу бурама (9) менен
алты бурчтуу болтту (18) алып салгыла.
2. Алдыңкы коопсуздук каптоочунун рычагын
(13) кармап туруп араа дискин чечип алгыла.
Араа дискин салуу(сүрөт F)
1. Шпинделде, болтто жана шайбаларда
топтолуп калган таарындыларды кылдаттык
менен алып салгыла.
2. E сүрөтүндө көрсөтүлүп тургандай, шайбанын
чыгып турган борбордук бөлүгү менен капталы
(А) (21) жана кирип турган капталы (B) (20) араа
дискине (11) орнотулушу керек.
3. Араанын дискинин (11) айлануусунун туура
багытталышы үчүн дисктеги багыттоо
стрелкасы араанын сыртындагы багыттоо
стрелкасы менен дал келиши керек.
4. Манжаңар менен араа дискин мүмкүн
болушунча кармоо менен алты бурчтуу болтту
(18) тарткыла. Андан кийин блокировка рычагын
(19) басып, шпинделди (22) жаап, алты бурчтуу
болтту (18) акырын тарткыла.
Араа дискин жабыштыргандан кийин,
блокировка рычагы бекем болуу үчүн дагы
бир жолу текшкргиле.
5. Араа дискин текшерүү. Мокок араа диски
эффективдүүлүктү азайтып, мотордун туура
эмес иштешине алып келгендиктен, араа
дискин тез-тезден курчутуп тургула.
6. Бекитүү бурамаларын текшерүү. Бардык
бекитүү бурамаларын маал-маалы менен
текшерип тургула жана алар бекем буралганын
44
камсыз кылып тургула. Бурамалар бошоп калса,
аларды дароо бекемдегиле. Аларды жакшы
бекитпей коюу олуттуу зыянга алып келет.
7. Мотордун техникалык тейлөөсү. Мотор
блогунун орому– электр шайманынын "жүрөгү".
Мотор блогунун орому бузулуп же май же суу
төгүлүп ным болуп калбашын текшерип тургула.
8. Көмүртек щеткаларын текшерүү. Өзүңөрдүн
коопсуздугуңар үчүн жана ток тартуунун алдын
алыш үчүн көмүртек щеткасын текшерүү жана
алмаштыруу Метабонун кызмат көрсөтүү
борборунда ГАНА болушу керек.
9. Перпендикулярдуулукту сактоо үчүн тактаны
(7) жана араа дискине (11) тууралоо.
Такта менен араа дискинин ортосундагы бурч
90° туураланган, бирок бул перпендикулярность
кайсы бир себептен улам жылып кетсе,
төмөнкүдөй тууралагыла:
1. Тактаны (7) бет жагы (сүрөт Д) менен өйдө
көздөй буруп, кулактуу бураманы (16)
бошоткула (сүрөт С).
2. Түз бурчтукту араанын тактасына (7) жана
дискке (11) коюп, орнотуучу бураманы (23)
жылгалуу аттиш менен бурап, тактанын ордун
туура бурчту алуу үчүн которгула.
9. Тазалоо
Топтолгон чаңды шаймандан маал-маалу
менен тазалап туруу керек. Бул мотордогу
желдеткичтин торчолорун дагы чаң соргуч
менен тазалоону камтыйт. Коопсуздук
орнотмолор, мисалы алдыңкы каптооч,
кемчиликсиз иштеген абалда болушун камсыз
кылгыла. Алдыңкы каптооч эркин,
автоматикалык түрдө, жеңил жана өзүнүн
мурунку абалына так кайтуу менен кыймылдап
турушу керек.
10. Бузуктарды оңдоо
Машинканы кыска убакытка күйгүзүү чыңалууну
азайтат. Токтун шарттарынын бузулушу башка
машинкаларга жаман таасир тийгизиши мүмкүн.
0,3 Омдон аз эмес токтун берилиши туура эмес
иштөөлөргө алып келбеши керек.
11. Кошумча тетиктер
Оригиналдуу Metabo кошумча жабдууларын
гана колдонгула.
Бул иштетүү көрсөтмөлөрүндөгү талаптарга
жана өзгөчөлүктөргө туура келген гана кошумча
жабдууларды колдонгула.
Кошумча жабдуулардын толук тизмесин
www.metabo.com сайтынан же башкы
каталогдон карасаңар болот.
12. Оңдоолор
Электр шаймандарын тажрыйбалуу
электриктер гана оңдошу керек.

Publicidad

loading

Este manual también es adecuado para:

Ks 190